21.10.2019 09:00
Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен Японияга учуп кетти
Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-октябрда иш сапар менен Японияга учуп кетти. Бул туурасында президент аппаратынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Сооронбай Жээнбеков Япониянын Императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат.
Ошондой эле иш сапардын алкагында, Япониянын Премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.
Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: